Фин бакчасы

Википедия дан

Кашанда орун алган Фин бакчасы жана Фин мончосу Ирандын негизги тарыхый бакчаларынын бири болуп саналат. Бул жерде шах Насир ад Дин 1752-жылы өзүнүн канцлери Амир Кабирди өлүмгө буйруган. Фин бакчасы жана андагы курулуштардын тарыхы Сефевиддердин дооруна таандык. Бакча 23 миң чарчы метрде борбордук короосу бар тегереги дубалдар жана мунара менен куурчалган аймакта орун алган. Ирандын башка бакчаларындай эле Фин бакчасы да айланадагы суулар менен суугарылат. Фин бакчасы жана тарыхый курулуш аянты Кашан шаарында 1936-жылы 5-декабрда 238 номуру менен Ирандын улуттук эстелиги катары катталган, андан тышкары ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине катталганына бир канча жыл болду.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир тарыхый булактар бул бакчаны Буиддер дооруна таандык деп эсептеп келишет. Документтерге таянсак, 1573-жылкы жер титирөө бакчанын толук кыйрашына себеп болгон. Башка бакча Фин бакчасынан (жаңы бакча) бир канча жүз метр алыстыкта орун алган, аны байыркы бакча деп атап коюшат. Байыркы бакча могол Ильханиддердин доорунда бир канча ирет кеңейген. Бирок азыркы фин бакчасынын курулуштары улуу Аббас шахтын дооруна таандык, ал эми Иран маданий мурастар уюму бакчанын куруу долбоору Гияс ад Дин Жамшид Кашаниге таандык деп билишет. Ошондой эле университеттердин тарыхый булактары боюнча бакчанын планын Шейх Бахаи түзгөн деп эсептешет. Бакчанын курулуш жана жасалгалоо иштери Сефевид шахы Аббастын доорунда өзүнүн гүлдөп өнүгүү чегине жеткен. Бул доордо борбордук кире бериш курулушу, Сефевид сарайы жана мончонун имараттарынын бир бөлүгү курулган. Андан сырткары Сефевид династиясынан Сулайман Сефи шах Фин булагынын айланасына имарат курган жана божомолдор боюнча Фин булагын Сулаймания булагы деп атын алмаштырган. Сефевиддер доорунун акырынан Зенд дооруна дейре, афгандардын кол салууларында жана Надир шахтын аскердик жоортулдарында бакчага анчалык деңгээлде көңүл бурулбай калган. Карим Хан Зенддин доорунда жана ошол замандагы жер титирөөлөрдө бакча жана андагы курулуштарды оңдоо иштери жүргүзүлгөн, андан сырткары Карим Хани имараты курулган. Фатх Али шахтын башкаруу доорунда бакчанын ичине бир канча имараттар курулган. Дээрлик бакчадагы курулуштардын баары ушул доорго таандык десек жаңылышпайбыз. Бирок Фатх Али шахтын өлүмүнөн кийин, бакчаны жандандыруу иштери токтоп, дарактар каралбай, ал эмес бакчанын бир бөлүгү бузулуп калган. Бул тарыхый эстеликтин 70 жыл мурун улуттук мурастар тизмегине сакталганынан баштап, изилдөөлөр жүргүзүлүп маанилүүлүгү аарчыган. Андан сырткары борбордук китепкана жана мончолор салынган, андан башка имараттарда оңдо жана кайра куруу иштери аткарылган. Акыркы жылдардагы орой мамиле жана көңүл бурбастыктын кесепетинен бакчанын курулуштары бир топ жапа чегүүгө учурады.

Оңдоо иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1937-жылы улуттук катталуудан өтөөр замат, алгачкылардан болуп бакчанын борбордук көлмөсү кайра курулду. 1956-жылы Незам ал Доула аталган курулуш, толук кыйрап калгандыгына байланыштуу кайрадан курулду жана улуттук музейге өткөрүлүп берилди. Башка архитектуралык имараттарды кайра куруу иштери 1979-жылдан башталган. 2008-жылдан баштап бакчанын имараттарынын таманын, бакчадагы өсүмдүктөрдү жашылдандыруу, суу киргизүү, арык казуу, имараттардын жана сарайлардын дубалдарын, чатырларын оңдоо, бакчанын батыш тарабын кайра куруу жана бакчанын айланасына дүрбүндөрдү тагуу иштери жүргүзүлүп келет. Бүткүл дүйнөлүк катталуу максатында документтерди чогултуп изилдөөлөрдү жүргүзүдө, ЮНЕСКО 2010-жылы бакчанын жолдорун жана тротуарларын оңдоосун айткан, Иран тарабы ал иштерди толук аткарган.

Бакчанын архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имараттардын жанында суунун жана дарактардын болушу туруктуу архитектуралык элемент болуп, бул тарыхый жана маданий эстелике өзгөчөлүк тартуулап турат. Фин бакчасы Ирандын маанилүү бакчаларынын үлгүсү болуп саналат. Андан сырткары аталган бакча кандайдыр бир абдан кооз төмөндөгү маданий көрүнүштөрдү толуктаган элементтерден турат:

Суу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фин бакчасынын долбоорунда суу негизги элемент катары каралган. Фин бакчасындагы суу көлмөлөргө куюлат (Сефевид сарайынын алдындагы көлмөгө куюлат); арыкта агат, шаркыратма түрүндө жана көбүктөнөт. Бакчадагы суулардын ар биринин маанилүү орду жана кызматы бар. Арыктардагы агын суулар бакчанын ичиндеги табияты кургак, дың жерине чейин тартылып суугарылып турат. Арыктардагы, көлмөлөрдөгү суулар Сулаймания булагынан тартылып келет. Андагы суу алгач бакчанын аркасындагы көлмөгө чогулат. Көлмөдөн бийик турган жерге чейин арык казып суу тартканга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Фонтандардын курулушу жана колдонулуусу Баардык арыктардын жана көлмөлөрдүн алдында бир метр тереңдикте түтүктөр тартылып, анын негизги жагы көлмөлөргө туташылган жана экинчи жагы арыктын акырында жабылган. Түтүктөрдүн бир тарабы жабык болгондуктан суу түтүктүн ичине толуп экинчи жагынан атылып чыгат. Жердин үстү түз болбогондуктан, суунун кысымы бирдей тараш үчүн түтүктөр ар кандай өлчөмдөрдө курулган. Суу жеткирүү системасынын долбоору Системанын долбоорун түзгөн XVI-кылымдагы Сефевид доорунун улуу математиги Гияс ад Дин Жамшид Кашани болуп эсептелет. Ал Паскалга чейин 200 жыл мурун деңгээл айырмасы мыйзамын колдонгон.

Дарак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фин бакчасынын негизги өсүмдүктөрүн дарактар түзөт, бакчада 579 кипарис дарактары жана 11 анжир дарактары бар. Кипарис дарактары канча кылым мурда тигилгендигине карабай жашыл бойдон сакталып, бакчанын ичине көрк кошуп турат. Кипарис дарактары фарс адабиятында инсандык сулуулуктун үлгүсү катары колдонулуп келген. Дарактардын көбүнчөсү 100 жылдан 400 жыл мурун тигилген. Акыркы 15 жылдын ичинде, өзгөчө 2007-жылдан баштап бакчадагы дарактар ооруга чалдыгып куурай баштады. Физикалык факторлор, жакшы каралбоо, суунун жетиштүү өлчөмдө суугарылбасы, дарактарга болгон туура эмес мамиле, адистер тарабынан байкамаксанга салышы аз дегенде 112 тарыхый дарактын толук бойдон куурап калуусуна алып келди, болжол менен бакчадагы дарактардын 30-50 пайызы зыянга учурады. Маданий мурастын өкүлдөрү дарактардын куурашын, алардын өсүү мезгилинин соңуна чыккандыгы менен баяндайт.

Имараттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакчанын алгачкы долбоорунда симметриялуу болушу чоң маанини ээлеген. Акырындык менен Шахтардын кийлигүүшүсүнүн айынан симметриялуу болушу өз маанисин жоготту. Симметриялуу курулуштардан чыгуусу, жаңы имараттардын курулушу Сефевиддер доорунан башталат. Бакчанын борбордук бөлүгүндө сарай орун алган. Кичинекей мончо жана башка имараттар Сефевиддер доорунда курулган. Кажар сарайы өзүнүн кооз дубал жана чатыр сүрөттөрү менен бакчанын акырында курулган. Салтанаттуу сарайдын мончосу, улуттук музей, каримхани имараты жана шах олтурган бөлмө Сефевид доорунан кийин бакчанын имараттарына кошулуп курулган.

Улуттук жана дүйнөлүк каттоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фин бакча комплекси 1935-жылы Ирандын улуттук эстеликтер тизмегине катталган. Ал эми бул тарыхый эстеликтин дүйнөлүк катталуу иштери 2007-жылдан башталган. Бир канча жыл жигердүү иштердин натыйжасында 2010-жылы кыш мезгилинде тарыхый эстеликтин биринчи этаптагы ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталуу иши соңуна чыккан.

Азыркы учурдагы орду жана колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фин бакчасы Кашан шаарынын борборунан 9 км алыстыкта, азыркы Амир Кабир көчөсүнүн акырында жана кичинекей фин кыштагында орун алган. Аталган бакча Сулаймания булагынын жээгинде жана өрөөндөгү түздүктүн этегинде орун алган. Азыркы учурда бакчанын имараттарын чайкана жана китепканага ижара берет. Фин бакчасына Амир Кабир көчөсү аркылуу кирүү мүмкүн. Андан сырткары авто унаа менен Кашан шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу баруу мүмкүн. Кашан шаарынын улуттук музейи 2006-жылдан 2010-жылга чейин иштебей турган жана 2010-жылдын жаз мезгилинен баштап ишке кирди. Азыркы учурда бакчанын баардык бөлүгүнө барууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул комплекс Накше Жахан аянты жана Чехел Сутун сарайы сыяктуу туристердин көңүлүн өзүнө бурат жана Эсфаханда туристердин көбөйүшүнө түрткү берет.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иран музейлеринин тизмеги
  • Иран бакчасы

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]